# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 43-т (2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 43-т (2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 43-р
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18224/edition/1125374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 43-т (2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу тууралуу) тескемеси (02.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 2-февралы № 43-т Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин чечиминин негизинде:

1. Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздоо жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкү уюмдарга ыйгарылсын:

1) эт жана эт азыктарын өндүрүү чөйрөсүндө:

- "Адал Азык’' жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;

2) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:

- "ЭлДан Аталык" агроөнөр жай комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;

3) асыл тукум малды өстүрүү чөйрөсүндө:

- "Чабрец" дыйкан чарбасына, Чүй облусу;

4) жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндө:

- Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы "Табигий-таш" илимий-изилдөө борборуна, Ош облусу.

2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сапат боюнча дипломдору менен төмөнкү уюмдар сыйлансын:

1) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:

- "Заря" айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи, Ысык-Көл облусу;

- "Элдияр" үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Ысык-Көл облусу;

- Ноокат айыл чарба үрөндүк картошка өндүрүүчүлөрдүн кооперативи, Ош облусу;

2) асыл тукум малды өстүрүү чөйрөсүндө:

- "Рейна-Кенч" дыйкан чарбасы, Ысык-Көл облусу;

- "Алтын жүн" фермердик асыл тукум чарбасы, Талас облусу;

- "Бермет дыйкан чарбасы" жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;

3) жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндө:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору" мекемеси, Бишкек шаары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бакча" илимий-изилдөө институту" мекемеси, Бишкек шаары.

Төрага

А.У. Жапаров
