Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун ТАРТИБИ
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 16-т тескемесине)
Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын (мындан ары - декларациянын бланкы) сактоонун, пайдалануунун эрежелерин регламенттейт.
2. Тартип "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык даярдалган.
3. Декларациянын бланкы так отчёттуулуктагы документ болуп эсептелет, анын формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
2. Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын бланктарын сактоо
4. Декларациялардын бланктары отко күйбөгөн темир үкөктөрдө (сейфтерде) сакталат, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте декларацияны күбөлөндүргөн мамлекеттик нотариус тарабынан мөөр же пломба басылып бекитилет.
5. Декларациялардын бланктары ушул Тартипте каралган тартипте алар жок кылынганга чейин мамлекеттик нотариалдык кеңсенин жайында сакталат.
6. Декларациялардын бланктарынын сакталышына жоопкерчилик мамлекеттик нотариустарга жана юстициянын аймактык башкармалыктарынын начальниктерине жүктөлөт.
3. Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын бланктарын пайдалануу
7. Декларант/өкүл мамлекеттик нотариалдык кеңсеге кайрылганда, мамлекеттик нотариус декларациянын бланкынын бир нускасын берет, ал эми декларант декларациянын бланкынын наркын төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны көрсөтөт. Декларант/өкүл декларациянын бланкын бузуп алган учурда, мамлекеттик нотариус декларациянын жаңы бланкын берет, анын төлөнүшү да квитанция менен ырасталууга тийиш.
8. Берилген декларациялардын бланктарынын санына жараша мамлекеттик нотариустар мүлктү жана кирешени ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын бланктарынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияларды юстициянын аймактык башкармалыктарына берүүгө тийиш.
4. Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын бланктарын жок кылуу
9. Пайдаланылбаган, ошондой эле сактоодо, толтурууда бузулгандыктан, өндүрүштөн жараксыз болгондо пайдаланууга жарабаган декларациялардын бланктары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) буйругу менен түзүлүүчү комиссия тарабынан жок кылынууга тийиш.
10. Декларациялардын бланктарын жок кылуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Комиссиянын төрагасынан жана анын 5 адамдан кем эмес мүчөлөрүнөн турат.
11. Декларант/өкүл такталган декларацияны бергендиктен жараксыз деп табылган, мурда күбөлөндүрүлгөн декларациянын бланкы мамлекеттик нотариус тарабынан декларанттын/өкүлдүн катышуусунда конвертке салынып чапталат, ага декларант/өкүл жана мамлекеттик нотариус кол коюшат жана мамлекеттик нотариустун мөөрү менен бекитилет. Конвертте декларация бланкынын жеке катар номери көрсөтүлөт.
Жок кылынууга тийиш болгон декларациялардын бланктары, анын ичинде декларант/өкүл такталган декларация бергендиктен жараксыз деп табылган, мурда күбөлөндүрүлгөн декларациялардын бланктары мамлекеттик нотариустар тарабынан тиешелүү актты түзүү менен юстициянын аймактык башкармалыктарына өткөрүп берилет.
12. Мамлекеттик нотариустар акт түзүүдө жок кылууга берилген бузулган, жараксыз, пайдаланылбаган декларациялардын бланктарынын жалпы санын, ар бир декларациянын бланкынын жеке катар номерин көрсөтөт.
13. Юстициянын аймактык башкармалыктары жок кылынууга тийиш болгон декларациялардын бланктарынын келип түшүүсүнө жараша акт түзүү аркылуу аларды Юстиция министрлигине өткөрүп беришет, анда райондордогу мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы, мамлекеттик нотариустун аты-жөнү, жок кылынууга тийиш болгон декларациялардын бланктарынын саны жана жеке катар номерлери көрсөтүлөт.
14. Комиссия декларациялардын бланктарын өрттөө, майдалоо же жок кылуунун убактысын, ордун жана башка алгылыктуу ыкмаларын аныктайт.
15. Комиссия декларациялардын бланктарын жок кылуунун алдында жок кылынуучу бланктардын санын эсептейт жана декларациялардын бланктарынын катар номерлерин текшерет, декларациялардын бланктарын жок кылуу жөнүндө ушул Тартиптин тиркемесине ылайык эки нускада акт түзөт, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
16. Так отчеттуулуктагы бланктарды жок кылуу Комиссиянын катышуусунда жүзөгө ашырылат.
Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартибине тиркеме
Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын бланктарын жок кылуу тууралуу АКТ Датасы __________________________________________________________________ Жок кылынуучу жер ________________________________________________________ Жок кылынууга тийиш болгон декларациялардын бланктары ______________________ _________________________________________________________________________ Жок кылынууга тийиш болгон декларациялардын бланктарынын жалпы саны, номерлери менен ____________________________________________________ (бланктардын жалпы саны көрсөтүлөт) _________________________________________________________________________ Бланктарды жок кылуунун ыкмасы ____________________________________________ Жок кылынган бланктардын саны ____________ номерлери менен _________________
Комиссиянын төрагасы:
Комиссиянын мүчөлөрү:
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 16-т (Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын…Распоряжение · 19.01.2022 · № 16-р
- Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндөЗакон · 04.12.2020 · № 5