# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 16-т (Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби жонунжо) Тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 16-т (Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби жонунжо) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 16-р
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18219/edition/1122150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 16-т (Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби жонунжо) Тескемеси (19.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218827

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 19-январы № 16-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 222 тескемесинин 2-пунктун көңүлгө алып, "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
