# КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-январындагы № 49 ("Региондук экономикалык өнүктүрүү - 2" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-январындагы № 49 ("Региондук экономикалык өнүктүрүү - 2" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18215/edition/1121655/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-январындагы № 49 ("Региондук экономикалык өнүктүрүү - 2" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамын бекитүү тууралуу) буйругу (24.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 24-январы № 49 "Региондук экономикалык өнүктүрүү - 2" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Региондук экономикалык өнүктүрүү - 2" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме

"Региондук экономикалык өнүктүрүү - 2" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы

Амангелдиев Данияр Джолдошбекович

\-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, делегациянын жетекчиси;

Урустемов Сейилбек Асанбекович

\-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;

Мукашев Азамат Фелкисович

\-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Татиков Руслан Сатылганович

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Алимбаев Абдикарим Карбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Ызакова Сайра Темирбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын начальниги;

Бурканов Имамназар Апызович

\-

Баткен шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Бегалиев Бакытбек Турдалиевич

\-

Кадамжай шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Рысов Чынгызбек Абдижалилович

\-

Исфана шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Супаналиев Бекжан Торобаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
