Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 27-январы № 29-т Бишкек шаарында экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча чечимдерди жана кечиктирилгис чараларды ыкчам кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 286-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Өзгөчө комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин иштейт жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырат деп белгиленсин.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өзгөчө комиссия:
- ыш-түтүндүн, булганган абанын Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун калкынын саламаттыгына тийгизген таасирин иликтөө боюнча изилдөө жүргүзсүн;
- абанын булгануусунун ар кандай деңгээлдеринде калктын ооруларын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмин тиешелүү сунуштамалары менен иштеп чыксын;
- калктын саламаттыгына тийгизген таасирин аныктоо менен абанын сапатынын индексин иштеп чыксын;
- Бишкек шаарында экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча кадамдык планды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн абанын булгануусунун негизги булактарын аныктоо, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда абанын булгануу көйгөйлөрүн баалоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзсүн;
- тургундарга экологиялык кырдаал, ошондой эле ден соолукту сактоого өбөлгө түзүүчү же ага зыяндуу таасирин тийгизүүчү факторлор жөнүндө анык маалыматтарды берип турсун;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча квартал сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Бишкек шаарында абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча тиешелүү маалыматты жана сунуштарды берип турсун.".
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 286-т (Бишкек шаарында абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча өзгөчө ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзүү тууралуу)…Распоряжение · 17.11.2021 · № 286-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 279-т (Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын булгануу проблемалары боюнча ведомстволор аралык…Распоряжение · 29.05.2023 · № 279-р
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 286-т (Бишкек шаарында абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча өзгөчө ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзүү тууралуу)…Распоряжение · 17.11.2021 · № 286-р
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон