# КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 47 (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу тартибин түшүндүрүүнү бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 47 (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу тартибин түшүндүрүүнү бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218819>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18212/edition/1119592/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218819.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 47 (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу тартибин түшүндүрүүнү бекитүү тууралуу) тескемеси (21.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218819

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 21-январы № 47 Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктун колдонуунун бирдиктүү практикасын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинин 89-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу тартибин түшүндүрүү ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктун камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүндө колдонуу тартибин түшүндүрүү 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ жөнүндө макулдашуу 2015-жылдын 26-октябрындагы Япония Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп Нотасы (мындан ары - Нота) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамы менен ратификацияланган. Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бошотууга тийиш: (a) JICA Кыргыз Республикасында алынуучу жана/же Кредитке байланышкан бардык финансылык жыйымдардан жана салыктардан, ошондой эле анын негизинде чегерилген пайыздардан; (b) ташып жеткирүүчүлөр, подрядчылар жана/же консультанттар катары чыккан япон компаниялары Кредиттин алкагында берилүүгө тийиш болгон продукцияларды ташып жеткирүүдөн жана/же кызматтарды көрсөтүүдөн чегерилген кирешеге карата Кыргыз Республикасында алынуучу бардык финансылык жыйымдардан жана салыктардан; (c) ташып жеткирүүчүлөр, подрядчылар жана/же консультанттар катары чыккан япон компаниялары алардын Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарын жана жабдууларын импорттоого жана реэкспорттоого карата Кыргыз Республикасында алынуучу бардык алымдардан жана ага байланышкан салык жыйымдарынан; жана (d) Долбоордун алкагында тартылган япон кызматкерлери Долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып жеткирүүчүлөр, подрядчылар жана/же консультанттар катары иштеген япон компанияларынан алган алардын жеке кирешесинен Кыргыз Республикасында алынуучу бардык фискалдык жыйымдардан жана салыктардан. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик органдардын мурда кабыл алынган макулдашылган позициясын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын жооп нотасынын 7-пункту жогоруда аталган Долбоорду ишке ашыруунун алкагында тартылган япон компанияларын жана кызматкерлерин Кыргыз Республикасында алынуучу бардык фискалдык жыйымдардан жана салыктардан, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууну камтыйт. Ошентип, Япон эл аралык кызматташуу агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ алуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат: япон кызматкерлери үчүн аталган Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ташып жеткирүүчүлөр, подрядчылар жана/же консультанттар катары иштеген япон компаниялары; аталган Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ташып жеткирүүчүлөр, подрядчылар жана/же консультанттар катары иштеген япон компаниялары тарабынан тартылган япон кызматкерлери. Ошол эле учурда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу Япон эл аралык кызматташуу агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча займ алуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында тартылган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына жайылтылбай тургандыгын белгилей кетүү керек.
