Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келинген товарларга көзөмөлдөө механизмин ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 20-январы № 21-т 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-январындагы № 17 Мыйзамы менен ратификацияланган) 13-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин ишке ашырууну координациялоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасына киргизилген маалыматтарды чогултууну, эсепке алууну, сактоону жана кайра иштел чыгууну жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин ишке ашырууну камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган болуп.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына маалыматтары байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасына киргизилүүчү коштоочу документтин аталышы тууралуу маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну…Закон · 26.01.2021 · № 17