# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 13-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 13-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 13-р
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18198/edition/1118266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 13-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (19.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218805

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 19-январы № 13-т Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына байланышкан убактылуу чектөөлөр колдонулган мезгилде чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин" деген сөздөр "2022-жылдын 1-мартына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга маалымдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
