Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-январы № 13-т Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына байланышкан убактылуу чектөөлөр колдонулган мезгилде чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин" деген сөздөр "2022-жылдын 1-мартына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга маалымдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б (Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын…Распоряжение · 17.03.2020 · № 84-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122