# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 6-т (иммиграциялык квота жонундо)

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 6-т (иммиграциялык квота жонундо)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 6-р
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18193/edition/1209333/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 6-т (иммиграциялык квота жонундо) (30.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218800

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 704-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 14-январы № 6-т "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары, облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары, облустары боюнча чектүү санын белгилүүчү имиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзүп турсун.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров

Тиркеме Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары, облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота

Региондун аталышы

Саны (адам)

Бишкек шаары

200

Ош шаары

18

Баткен облусу

8

Жалал-Абад облусу

14

Ысык-Көл облусу

14

Нарын облусу

14

Ош облусу

14

Талас облусу

8

Чүй облусу

110

Республика боюнча жыйынтыгы

400
