# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-январыylfus № 4-т (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу) ntcrtvtcb

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-январыylfus № 4-т (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу) ntcrtvtcb
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 4-р
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218799>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18192/edition/1228922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218799.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-январыylfus № 4-т (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу) ntcrtvtcb (13.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218799

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 13-январы № 4-т Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын инфратүзүмүн, ошондой эле соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине ылайык;

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионунда катуу режимдеги жаңы абакты куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштырууга, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионунда катуу режимдеги жаңы абакты курууга байланышкан маселелерге комплекстүү талдоо жүргүзсүн;

- үч айлык мөөнөттө тиешелүү иш-чаралардын планын (жол картасын) иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.

4. Министрликтер жана ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында берсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионунда катуу режимдеги жаңы абакты куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Зарылбек уулу Алмазбек.

\-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Жапаров Р.У.

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кожоев М.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Мамытов Б.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

Алайчиев Б.Б.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Акматов М.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Акматалиев М.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Сатыбалдиев А.В.

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары;

Кудайбердиев А.М.

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы;

Кушчубаев С.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысынын милдетин аткаруучу.
