Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу) ntcrtvtcb
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 13-январы № 4-т Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын инфратүзүмүн, ошондой эле соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16 жана 17-беренелерине ылайык;
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионунда катуу режимдеги жаңы абакты куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштырууга, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионунда катуу режимдеги жаңы абакты курууга байланышкан маселелерге комплекстүү талдоо жүргүзсүн;
- үч айлык мөөнөттө тиешелүү иш-чаралардын планын (жол картасын) иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу укугу берилсин.
4. Министрликтер жана ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында берсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А. У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10, 21, 23 жана 25 мекемелерин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын чегинен тышкары кайра жайгаштыруу, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионунда катуу режимдеги жаңы абакты куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Зарылбек уулу Алмазбек.
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Жапаров Р.У.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кожоев М.К.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Мамытов Б.А.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;
Алайчиев Б.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Акматов М.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Акматалиев М.А.
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Сатыбалдиев А.В.
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары;
Кудайбердиев А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы;
Кушчубаев С.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысынын милдетин аткаруучу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Бүргөндү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 4 "Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына өткөрүлгөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2023 · № 4
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-январы № 173/XXVΙ-28 "2023-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2024- жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн жана…Постановление · 15.01.2024 · № 173/XXVΙ-28
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-январындагы № 92/ХIV-28 "2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин, айыл окмотунун штаттык жугуртмосун жана…Постановление · 30.01.2023 · № 92/ХIV-28
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122