# 2021-жылдын 31-декабры № 354-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: 2021-жылдын 31-декабры № 354-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 354-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218794>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18187/edition/1224863/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218794.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 31-декабры № 354-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген жөнүндө) тескемеси (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218794

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 45-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 31-декабры № 354-т Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын сапаттуу иштетүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2, 7-пункттарындагы «2022-жылдын 1-январына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-майына чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 4-пунктунда:

- 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:

«6) 2022-жылдын 1-майынан тартып Бирдиктүү порталды өнөр жайлык эксплуатациялоо режимине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.».

2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
