# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы N 132-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы N 132-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 339-р
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18179/edition/1115878/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы N 132-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218785

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 24-декабры № 339-т Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 151 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-августундагы № 132-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1, 3, 4-пункттарындагы "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 2-пунктунун 4-пунктчасында:

- экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- 1.1-чакан компонент боюнча (кичи ишканалар үчүн) кайтарылуучу финансылык жардамдын суммасы 250000 (эки жүз элүү миң) сомдун чегинде аныкталат;

- 1.2-чакан компонент боюнча (чакан жана орто ишканалар үчүн) кайтарылуучу финансылык жардамдын суммасы 1000000 (бир миллион) сомдун чегинде аныкталат.";

- төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы долбоорго ылайык кичи, чакан жана орто ишканалар кайрылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде суралган мезгил үчүн бардык зарыл болгон маалымкаттарды берүүнү камсыз кылсын.".

Төрага

А.У. Жапаров
