# КР Министрлер Кабинетини 2021-жылдын 29-декабрындагы № 349-р тескемеси (Автомобиль жолдорунун курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында Балыкчы-Барскоон автомобиль жолун реконструкциялоого бөлүп бергени жонундо) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетини 2021-жылдын 29-декабрындагы № 349-р тескемеси (Автомобиль жолдорунун курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында Балыкчы-Барскоон автомобиль жолун реконструкциялоого бөлүп бергени жонундо) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 349-р
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18178/edition/1115312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218784.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетини 2021-жылдын 29-декабрындагы № 349-р тескемеси (Автомобиль жолдорунун курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында Балыкчы-Барскоон автомобиль жолун реконструкциялоого бөлүп бергени жонундо) тескемеси (29.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218784

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 29-декабры № 349-р Автомобиль жолдорунун курулушун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын алкагында Балыкчы-Барскоон автомобиль жолун реконструкциялоого 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом суммасындагы каражатты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине бөлүп берсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
