# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т тескемесине өзгөртүү киргизилген жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т тескемесине өзгөртүү киргизилген жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 348-р
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18177/edition/1119138/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т тескемесине өзгөртүү киргизилген жөнүндө) тескемеси (28.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218783

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 28-декабры № 348-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттерди түзүүнү жана аткарууну автоматташтыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1 -пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы "Жергиликтүү бюджетти түзүү жана отчеттуулукту аткаруу" системасын жана Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин маалымат базасын автоматташтыруу жана ишке киргизүү боюнча 12 078 000 (он эки миллион жетимиш сегиз миң) сом суммасына кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү деп аныкталсын.".

Төрага

А.У. Жапаров
