# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 336-р тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 336-р тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 336-р
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18176/edition/1155736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218782.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 336-р тескемеси (22.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218782

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 22-декабры № 336-т Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-статьясына, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:

- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дареги боюнча жайгашкан "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексинин имаратын (мындан ары - имарат) бузууну, ошондой эле имаратты бузуу менен байланышкан башка иштерди жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте имаратты бузуу менен байланышкан иштердин наркын аныктасын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги имаратты бузуу менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген тартипте бөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) имаратты бузуудан кийин калган курулуш калдыктарын ташып чыгаруу жана курулуш конструкцияларын жыйноо үчүн орунду белгиленген тартипте аныктасын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
