Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 22-декабры № 336-т Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-статьясына, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
- Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дареги боюнча жайгашкан "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексинин имаратын (мындан ары - имарат) бузууну, ошондой эле имаратты бузуу менен байланышкан башка иштерди жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте имаратты бузуу менен байланышкан иштердин наркын аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги имаратты бузуу менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына белгиленген тартипте бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) имаратты бузуудан кийин калган курулуш калдыктарын ташып чыгаруу жана курулуш конструкцияларын жыйноо үчүн орунду белгиленген тартипте аныктасын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А. У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон