# КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 677
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218769>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18164/edition/1113780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218769.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (21.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218769

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 21-декабры № 677 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы; Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана. ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
