Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 21-декабры № 677 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы; Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана. ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Распоряжение · 01.04.2021 · № 318 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 254
- КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Распоряжение · 01.04.2021 · № 318 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.