# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 328-р
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218763>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18158/edition/1115418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218763.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы жөнүндө) тескемеси (28.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218763

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т тескемесинин редакциясына ылайык) 2021-жылдын 17-декабры № 328-т Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик финансыларды башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү, жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну автоматташтыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы "Жергиликтүү бюджетти түзүү жана отчеттуулукту аткаруу" системасын жана Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин маалымат базасын автоматташтыруу жана ишке киргизүү боюнча 12 078 000 (он эки миллион жетимиш сегиз миң) сом суммасына кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү деп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 348-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына 7 628 000 (жети миллион алты жүз жыйырма сегиз миң) сом которсун.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына 4 450 000 (төрт миллион төрт жүз элүү миң) сом которсун.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
