# Кыргыз Республикасынын 6 декабря 2021 года № 316-т тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 6 декабря 2021 года № 316-т тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 316-р
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218761>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18156/edition/1116181/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218761.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 6 декабря 2021 года № 316-т тескемеси (06.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218761

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ от 6 декабря 2021 года № 316-т Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин материалдык–техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17- беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2014-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TESY61Z0568412, кыймылдаткычын көлөмү 2953 см3 болгон, ак түстөгү “Ниссан-Патрол” маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын баалоону жүргүзсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
