# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 02-декабрындагы № 306-р тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 02-декабрындагы № 306-р тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 306-р
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18154/edition/1116157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 02-декабрындагы № 306-р тескемеси (02.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218758

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 2-декабры № 306-т Саламаттык сактоо уюмдарынын багыты өзгөртүлгөн инфекциялык бөлүмдөрүн жана COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн жаңы ачылган койка-орундарды өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17 – беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 127 015 100 ( бир жүз жыйырма жети миллион он беш миң бир жүз) сом суммасындагы 2020-жылы пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыгын COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүү боюнча калкка медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдары боюнча кредитордук карыздарды төлөөгө белгиленген тартипте багыттасын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 92-б буйругунун 1-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготтуу деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аталган түзөтүүлөрдү карасын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
