# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы, № 231-т (Эпидемия очокторунда иштеген жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында) тискемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы, № 231-т (Эпидемия очокторунда иштеген жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында) тискемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 231-р
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18149/edition/1116830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218753.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы, № 231-т (Эпидемия очокторунда иштеген жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында) тискемеси (02.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218753

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 02-декабрындагы №305-р редакциясына ылайык)

2021-жылдын 11-октябры, № 231-т Эпидемия очокторунда иштеген жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жумуштарды аткарган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча бюджеттик чыгымдарды жабуу булактарын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен саламаттык сактоо кызматкерлерине жана эпидемия очогундагы аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөрүчүн финансы каражатын бөлүп берсин;

-. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 100 000 000 (бир жүз миллион) сом;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 480 000 000 (төрт жүз сексен миллион) сом;

2) «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;

3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда бул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 02-декабрындагы №305-р редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бул тескеменин 1-пунктунда аталган финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын белгиленген тартипте камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлумүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У.А. Марипов
