# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмотүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө) тискемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмотүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө) тискемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 317-р
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218749>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18145/edition/1116827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218749.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 317-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмотүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө) тискемеси (27.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218749

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 7-декабры № 317-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 9-августундагы № 96 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында, аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 7 жана 8-беренелерине ылайык:

1. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин (мындап ары - Фонддун кеңеши) мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдары менен оз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу компетенттүү орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Фонддун кеңешинин мүчөлөрү дайындалгандыгы жана компетенттүү орган аныкталгандыгы жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө кабарласын.

Төрага

А.У. Жапаров
