# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрынын № 305-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 231-т тескемесине өзгөртүү киргизиүү жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрынын № 305-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 231-т тескемесине өзгөртүү киргизиүү жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 305-р
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218748>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18144/edition/1116825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрынын № 305-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 231-т тескемесине өзгөртүү киргизиүү жөнүндө) токтому (02.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218748

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 2-декабры № 305-т Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 231-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун 1-пунктчасы «компенсациялык төлөмдөр» деген сөздөрдөн кийин «жана өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдарын өз убагында толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
