Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүү киргизиүү жөнүндө) токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 2-декабры № 305-т Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 231-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун 1-пунктчасы «компенсациялык төлөмдөр» деген сөздөрдөн кийин «жана өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдарын өз убагында толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы, № 231-т (Эпидемия очокторунда иштеген жана аларга теңештирилген аймактарда инфекциялык оорулардын козгогучтарын жуктуруунун…Распоряжение · 11.10.2021 · № 231-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59