# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22556/edition/1112119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218746

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2021-жылдын 3-декабры № 292 Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана баалуу таштар менен болгон операцияларды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамы менен ратификацияланган 2019-жылдын 22-ноябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашуунун 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
