# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 310-т "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 310-т "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 310-р
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18142/edition/1110374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 310-т "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" тескемеси (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218745

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 3-декабры № 310-т «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматка жаныбарларды идентификациялоону жүргүзүү үчүн Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы администрациялануучу эсептин топтолгон каражаттарынан 58200000 (элүү сегиз миллион эки жүз миң) сомду белгиленген тартипте бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызмат ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын белгиленген тартипте камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
