# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 318-т "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомумун толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 318-т "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомумун толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 318-р
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18141/edition/1111102/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 318-т "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомумун толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу жөнүндө" тескемеси (07.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218744

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 7-декабры № 318-т "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомумун толук иштеши үчүн финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатымда, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Реснубликасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4954-VI "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтомуна ылайык "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүүгө 150 000 000 (жүз элүү миллион) сом болүп берсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
