# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 299-р Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 299-р Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 299-р
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218739>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18136/edition/1116152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218739.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 299-р Тескемеси (10.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218739

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 297 токтомунун редакциясына ылайык) 2021-жылдын 29-ноябры № 299-р Мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдорду натыйжалуу башкаруу максатында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) “РСК Банк” ачык акционердик коомунун (мындан ары – “РСК Банк” ААК) уставдык капиталын көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан 2 500 000 000, 0 ( эки миллиард) сом бөлүп берсин;

2) “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун (мындан ары – “Айыл Банк” ААК) уставдык капиталын көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан 2 400 000 000, 0 (эки миллиард беш жүз миллион) сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте “РСК Банк” ААКтын жана “Айыл Банк” ААКтын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А. У. Жапаров
