# 2021-жылдын 3-декабрындагы № 308-т тескемеси (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин оптималдаштыруу)

- Толук аталышы: 2021-жылдын 3-декабрындагы № 308-т тескемеси (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин оптималдаштыруу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 308-р
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18134/edition/1110279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 3-декабрындагы № 308-т тескемеси (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин оптималдаштыруу) (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218736

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 3-декабры № 308-т

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пунктунун 4 жана 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун иш планында:

– 3-пунктунда:

«Иш-чаралардын аталышы» графасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын; «Күтүлгөн натыйжалар» графасынын 1 жана 2-пунктчаларындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын; «Аткаруу мөөнөтү» графасындагы «25-августуна» деген сөздөр «15-октябрына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 4-пунктунда:

«Иш-чаралардын аталышы» графасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын; «Ишке ашыруу формасы» графасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын; «Күтүлгөн натыйжалар» графасында: 1-пунктчасындагы «үч» деген сөз «төрт» деген сөз менен алмаштырылсын; 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; «Аткаруу мөөнөтү» графасындагы «1-сентябрына» деген сөздөр «1-ноябрына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

5

Мыйзамдарга карата жактырылган сунуштарды ишке ашыруу

Мыйзам долбоорлорун жана кош-тоочу документтерди иштеп чыгуу (негиздеме маалымкат, салыштырма таблица, зарылдыгына жараша жөнгө салуучу таасирин талдоо)

Мыйзам долбоорлору даярдалды жана мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте илгериле-тилүүдө

2022-жылдын 1- апрелине чейин

Каржылоо талап кылынбайт

Мамлекеттик органдар, көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча)

»;

– 6 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

Төрага

А.У. Жапаров
