# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 304-т (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 304-т (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 304-р
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18131/edition/1152104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-декабрындагы № 304-т (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218733

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 1-декабры № 304-т Тажикстан Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин өлкөгө кирүүсүнүн, чыгуусунун жана жүрүүсүнүн маселелерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “ − Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, Кыргыз Республикасында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн (туугандык мамилелерин документтик түрдө тастыктаганда), аккредиттелген же дипломаттык/кызматтык паспорту бар болсо, алар болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча;”; жетинчи абзацтагы “сурамы” деген сөз “каты” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун экинчи абзацындагы “жана алтынчы” деген сөздөр “, алтынчы жана жетинчи” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
