Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Миннстрлер Кабинет менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскерлик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 26-ноябры № 297-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага
А.У. Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Миннстрлер Кабинет менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Борбордук Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскерлик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) аскер жаатында калыптанган өз ара достук мамилелерди жана кызматташууну чыңдоону каалап, 1997-жылдын 8-апрелиндеги Аскер жаатында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимдин жоболорун эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене Борбордук Азия регионунун коопсуздугун жана коргонуу потенциалын камсыз кылуу максатында казакстан Тарап кыргыз Тарапка аскердик мүлктү кайтарымсыз түрдө берүү менен аскердик-техникалык көмөк көрсөтөт. Аскердик мүлктүн аталышы жана көлөмү ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин 2 айлык мөөнөттө Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат. Кыргыз Тарап казакстан Тараптан алынган аскердик мүлктү ушул Макулдашуунун максаттары үчүн гана колдонот, үчүнчү тарапка бербейт жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерге каршы колдонбойт. 2-берене Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет: кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; казакстан Тараптан - Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги. Ыйгарым укуктуу органдардын аталышы же функциялары өзгөргөндө Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине дароо билдиришет. 3-берене Казахстан Таран аскердик мүлктү Казахстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына (Кой-Таш калктуу пунктуна) чейин автомобиль транспорту менен жеткирүүнү камсыз кылат, анда Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары дайындаган өкүлдөр актты тариздөө менен аскердик мүлктү кабыл алууну-өткөрүп берүүнү жүргүзүшөт. Кой-Таш калктуу пунктуна чейин транспорттук чыгымдарды Казахстан Тарап төлөйт. 4-берене Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиешелүү протоколдор менен таризделет. 5-берене Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө байланышкан талаш маселелер Тараптардын ортосундагы өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 6-берене Ушул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып убактылуу колдонулат жана кыргыз Тарап дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө казахстан Тараптан жазуу жүзүндөгү кабарлоо алган датадан тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү аскердик мүлктү кыргыз Тарапка толук берген учурдан баштан токтотот, аны Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ырасташат. _____________шаарында 202___-жылдын "___ " ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Миннстрлер Кабинети үчүн
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.