# 2021-жылдын 18-ноябры № 290-т тескемеси (жер өлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө)

- Толук аталышы: 2021-жылдын 18-ноябры № 290-т тескемеси (жер өлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 290-р
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218724>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18124/edition/1112679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218724.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 18-ноябры № 290-т тескемеси (жер өлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө) (18.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218724

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 18-ноябры № 290-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 126 «Шумкар» транс улуттук корпорациясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу жана өнөр жай өндүрүшүн жана коргонууну өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29 жана 32-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин пайдалануусунда турган № 178 контурдун чегиндеги аянты 2,20 га болгон жер участогун анын аймагындагы консервацияланган бир кабаттуу имараты менен, андан ары жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздеп жана мамлекеттик каттоого алып, өзүнчө кыймылсыз мүлк бирдиги катары белгиленген тартипте бөлүп берсин. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун «Шумкар» транс улуттук корпорациясы» ачык акционердик коомуна 10 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берсин. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У.Жапаров
