# КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 17-ноябрындагы N 287-т "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу" ТЕСКЕМЕСИ

- Толук аталышы: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 17-ноябрындагы N 287-т "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу" ТЕСКЕМЕСИ
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 287-р
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218721>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18121/edition/1103317/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218721.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 17-ноябрындагы N 287-т "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу" ТЕСКЕМЕСИ (17.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218721

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 17-ноябры № 287-т "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Төрага

А.У. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы № 287-т тескемеси менен жактырылган

2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган. Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-беренелерине ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери тарабынан жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2021-жылдын 6-июлундагы чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы чечими; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы чечими). Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-июлундагы № 89-т тескемеси менен жактырылган. Макулдашууда Балыкчы-Каракол-Балыкчы автомобиль жолунун 104-184,5 км (Корумду айылы - Балбай айылы) участогун реконструкциялоо каралууда. Араб координациялык тобу Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ), Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ), Абу Даби өнүктүрүү фондунун (АДӨФ), ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) курамында долбоордук участокту реконструкциялоого кредиттик каражаттарды төмөнкү шарттарда бөлөт: СӨФ кредити - 35,00 млн. АКШ доллары (131250000 сауд риалы), зайым мезгили - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 1%; КАЭӨФ кредити - 28,90 млн. АКШ доллары, зайым мезгили - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 2%; АДӨФ кредити - 22,00 млн. АКШ доллары, зайым мезгили - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 2%; ОПЕК кредити - 10,00 млн. АКШ доллары, зайым мезгили - 23 жыл, жеңилдетилген мезгили - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 2,5%; ИӨБ кредити - 20,00 млн. АКШ доллары, зайым мезгили - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 7 жыл, пайыздык ставка - жылына 1,5 %. Алдын-ала эсептер боюнча АКТнын долбоорунун бириктирилген грант-элементи 35% түзөт, бул аталган кредит жеңилдетилген кредит болуп саналарын билдирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети долбоордун курулуш иштерине, товарларына жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнө байланышкан салыктардын ордун толтуруу максатында республикалык бюджеттен 12,1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кошо каржылоо берет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кредиттин негизги суммасын жарым жылдык негизде - ар бир жылдын 15-майында жана 15-ноябрында төлөөнү жүргүзөт. Долбоордун жалпы суммасы 128,0 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоордун каражаттары курулуш иштерине, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, жолдорду күтүү үчүн жол-курулуш техникаларын жана жабдууларды сатып алууга, долбоорду башкарууга, финансылык аудитке пайдаланылат. Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун каражаттары жабдууларды сатып алууга, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, курулуш иштерине: жер иштерине, жердин туурасын кеңейтүүгө, асфальттоого, дренаждык иштерге, көпүрөлөрдү оңдоого жана курууга, велосипед жолун салууга, жарык берүүчү лампаларды орнотууга, тротуарларды салууга ж.б. жумшалат. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 140 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планынын 6-пунктунда каралган. Макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт, коомдук угууларды өткөрүүгө муктаж эмес.
