# КР Президентинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПТ № 209 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Президентинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПТ № 209 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218720>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18120/edition/1116389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218720.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПТ № 209 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу) тескемеси (17.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218720

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 17-ноябры ПТ № 209 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 6-бөлүгүнө, 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чектүү штаттык саны 36 бирдик санында белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
