Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПТ № 209 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2021-жылдын 17-ноябры ПТ № 209 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 6-бөлүгүнө, 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чектүү штаттык саны 36 бирдик санында белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ТҮЗҮМҮ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын…Положение · 17.11.2021 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-ноябрындагы № 294-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-августундагы № 154-т тескемесине…Распоряжение · 25.11.2021 · № 294-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Баткен облусунун статусу жөнүндөЗакон · 10.09.2021 · № 113