# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 273-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 234-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) тискемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 273-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 234-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) тискемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 273-р
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18113/edition/1116813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 273-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 234-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө) тискемеси (03.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218712

---

КЫРГЫЗ РЕСПУЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 3-ноябры № 273-т 2017-жылдын 11-майында Никосия шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу системасып реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 187 Мыйзамы менен ратификацияланган) алкагында Жалал-Абад облусунун “Суу-Канал” Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасы тарабынан алынган мамлекеттик зайым каражаттарын кайтарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июлундагы № 234-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-мартында жана 20-сентябрында 24 бирдей бөлүк менен төлөнөт, ошол эле учурда кредиттин биринчи төлөмү - 2023-жылдын 20-сентябры, кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2035-жылдын 20-марты;”.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте бул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
