# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 272-т (Жер казынасын пайдалануу укугу байланышкан ишти лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 272-т (Жер казынасын пайдалануу укугу байланышкан ишти лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 272-р
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218708>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18110/edition/1100007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218708.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 272-т (Жер казынасын пайдалануу укугу байланышкан ишти лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө) тескемеси (03.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218708

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 3-ноябры № 272-т “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 368-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Техногендик түзүлүштөргө байланышкан иштерди кошпогондо, алтынды (уюган, чачыранды), күмүштү жана жезди геогиялык издөө, геогиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугу менен байланышкан ишти лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.”.

Төрага

А.У. Жапаров
