# КР Министрлер Кабинетинин Тескемеси 2021-жылдын 28-октябры № 265-т (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында)

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин Тескемеси 2021-жылдын 28-октябры № 265-т (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 265-р
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18104/edition/1107896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин Тескемеси 2021-жылдын 28-октябры № 265-т (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында) (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218701

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 28-октябры № 265-т “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 398-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- l-пункттун 1-пунктчасында:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- 39 500 000 (отуз тогуз миллион беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төгүм түрүндө;”; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “- 500 000 (беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - энергетика секторундагы реформаларды колдоо үчүн;”.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 16-1-10/357 субгранттык макулдашууга тиешелүү өзгөртүүнү киргизсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У.Жапаров
