КР Министрлер Кабинетинин Тескемеси (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 28-октябры № 265-т “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө күчүнө кирген макулдашууларды аткарууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 398-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- l-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- 39 500 000 (отуз тогуз миллион беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төгүм түрүндө;”; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: “- 500 000 (беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - энергетика секторундагы реформаларды колдоо үчүн;”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 16-1-10/357 субгранттык макулдашууга тиешелүү өзгөртүүнү киргизсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрындагы № 398-б (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы№ 25 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын…Распоряжение · 14.12.2020 · № 398-р