Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө» тескеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 25-октябры № 254-т Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында болуп өткөн табигый кырсыктардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жана жасалма курулмалардагы кесепеттери жоюу, кыш мезгилинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун талаптагыдай күтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин кредитордук карызын жарым-жартылай төлөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменине жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө 200 00 000 (эки жүз миллион) сом бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруп ондоого жана күтүүгө бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.12.2021 · № 152