# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 255-т "Каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 255-т "Каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 255-р
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18100/edition/1099759/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 255-т "Каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" тескемеси (25.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218697

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 25-октябры № 255-т “Ош - Сарыташ – Иркештам” автомобиль жолундагы Талдык ашуусу аркылуу автотранспорт каражаттарьнын тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз өтүүсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 -пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине Талдык ашуусундагы "Ош – Сарыташ - Иркештам" автомобиль жолунун участогунда, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачы-Суу айылына кеткен узундугу 3 км автомобиль жолунун участогунда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө 50 000 000 (элүү миллион) сом бөлүп берсин;

2) “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамымын долбоорун даярдоодо бул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров
