# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 249-р
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18098/edition/1098112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 249-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (22.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218695

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 22-октябры № 249-т Кыргыз Республикасынын аймагындагы билим берүү процесстерине Тажикстан Республикасынын жарандарына мүмкүндүк берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандары.".

Төрага

А.У. Жапаров
