# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-р (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болууга Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча дайындоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-р (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болууга Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча дайындоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 248-р
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218694>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18097/edition/1097746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218694.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 248-р (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин мүчөлөрү болууга Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча дайындоо тууралуу) тескемеси (27.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218694

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 21-октябры № 248-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси), «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынан кызмат орду боюнча төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 200-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 70-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Төрага

А.У. Жапаров
