Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «2021-жылдын төртүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги» тескеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 29-сентябры № 417
1. 2021 -жылдын төртүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери бир жумалык мөөнөттө Тизмекке ылайык маселелерди даярдоонун , кадамдык пландарын иштеп чыгып, бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери алардын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сапаттуу жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү Тизмекке ылайык маселелердин даярдалышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшсүн.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тиешелүү орун басарларына жүктөлсүн.
Төрага
У. А. Марипов
Тиркеме 2021-жылдын төртүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмеги
№
Маселенин аталышы
Маселени/ аналитикалык маалыматты даярдоо учун жооптуу органдын аталышы
Баяндамачы
Маселени өз убагында даярдоону контролдоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүмдөрү
2021-жылдын 29-октябры
1.
Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри
Санариптик өнүктүрүү бөлүмү
2.
“Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022- 2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри
Экономика жана финансы бөлүмү
3.
2021-жылдын январь- сентябрында Кыргыз Республикасын социалдык- экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы бөлүмү, уюштуруу- инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, Президенттин жана
- Кыргыз Республикасынын облустарындагы мамлекеттик администрациялардын башчыларына - райондордун акимдерине берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аткаруучулук тартиби жөнүндө
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
Министрлер Кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмү
2021-жылдын 26-ноябры
1.
2021-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун алдын ала жый ынтыктары жөнүндө, Күздүк өсүмдүктөрдү себүүнүн жүрүшү жана 2022-жылга айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри
Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү
2.
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору
Курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмү
2021-жылдын 24-декабры
1.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын калктуу конуштарынын жашоочуларын социалдык колдоо чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмү
2.
Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин 2030- жылга чейинки программасынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмү
3.
“Кыргыз Республикасындагы Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору
Өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү
4.
Салмак-габариттик контролдоонун жана жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жыйымдарды алуунун маалыматтык системасын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
Курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.