# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 240-т ( 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 240-т ( 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 240-р
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18090/edition/1099330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 240-т ( 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими жөнүндө) тескемеси (18.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218687

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 18-октябры № 240-т Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна ылайык:

1. 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактык жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу үчүн 6 000 000 (алты миллион) сом бөлүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырууну уюштурсун.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын ЧЕЧИМИ

2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын жана ыйгарылсын: Биринчи топтун арасынан:

- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;

- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;

Экинчи топтун арасынан:

- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен -ЫсыкКөл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;

- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;

- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.
