Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 18-октябры № 240-т Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна ылайык:
1. 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактык жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу үчүн 6 000 000 (алты миллион) сом бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырууну уюштурсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын ЧЕЧИМИ
2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын жана ыйгарылсын: Биринчи топтун арасынан:
- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;
- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;
- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;
Экинчи топтун арасынан:
- I орун 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен -ЫсыкКөл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
- II орун 1 000 000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;
- III орун 500 000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.