Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы N 77 „Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2021-жылдын 24-сентябры № 201-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга катышкан министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча);
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Төрага
У. А.Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар
Аткаруу мөөнөттөрү
Күтүлүүчү натыйжалар
Жооптуу аткаруучулар
1-глава. Атмосфералык абанын булгануусунун калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин азайтуу
1
Эл аралык ченемдерге жана талаптарга ылайык атмосфералык абаны булгоонун стационардык жана көчмө булактарын контролдоо боюнча ченемдик-методикалык базаны кайра карап чыгуу
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
2022-жылдын IV кварталы
Атмосфералык абага чыккан булгоочу заттарды жөнгө салуу методдору кайра каралып чыкты
ЭКМК
Стационардык жана көчмө булактардан чыккан булгоочу заттарды эсептөө боюнча методикаларды иштеп чыгуу
2023-жылдын II кварталы
Булгоочу заттарды эсептөө боюнча бирдиктүү ченемдик-методикалык документтер иштелип чыкты
ЭКМК
Мамлекеттик экологиялык контролдоо жөнүндө жобону иштеп чыгуу
2022-жылдын III кварталы
Мамлекеттик экологиялык контролдо жана чыгарылган булгоочу заттарды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобо киргизилди
ЭКМК
2
Электр энергиясы жана газ колдонулган транспорт каражаттарын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү
Электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү моторлуу транспорт каражаттарына ташып кирүү бажы алымдарынын нөлдүк ставкаларынын мөөнөтүн узартуу жөнүндө демилгеленген сунушту ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине кароого киргизүү
2021-жылдын IV кварталы
Электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келүүчү моторлуу транспорт каражаттарына ташып кирүү бажы алымдарынын нөлдүк ставкаларынын мөөнөтү узартылды
ЭФМ
Коомдук электр транспортун колдонууга өбөлгө түзүү максатында электр автобустарын КНСтен бошотуу боюнча салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү
2022-жылдын II кварталы
Электр автобустары КНСтен бошотулду
ЭФМ
Кыргыз Республикасында газмотор отун рыногун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу
2021-жылдын IV кварталы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасында газмотор отун рыногун өнүктүрүү программасы бекитилди
ЭӨЖМ
Мамлекеттик жеке өнөктөштүк принциби боюнча маршруттук линияларды инвесторлорго өткөрүп берүү аркылуу ири сыйымдуулуктагы электр же газмотор кыймылдаткычтуу автобустарды сатып алуу
2021-жылдын IV кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында электр автобустарынын жана газ отуну менен жүргөн ири сыйымдуулуктагы коомдук транспорттун саны көбөйдү. Коомдук транспорттун маршруттук линиясы калыбына келтирилди жана көбөйтүлдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча долбоорду ишке ашыруу аркылуу шаардык бюджеттин чыгымы кыскартылды
Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча), ИМ, МЖӨ борбору
3
20 жылдан ашкан транспорт каражаттарын пайдалануудан баш тартууга өбөлгө түзүү боюнча чараларды көрүү
Эски автотранспорт каражаттарын пайдалануудан баш тартууга өбөлгө түзүү боюнча этаптуу планды иштеп чыгуу
2022-жылдын IV кварталы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен эски автотранспорт каражаттарын пайдалануудан баш тартууга өбөлгө түзүү боюнча этаптуу план бекитилди, эски автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо саны жана атмосферага булгоочу заттарды чыгаруу көлөмү азайды
ЭФМ, ТКМ, ЭКМК, СӨМ
4
Шаарлардын өнүгүү келечектерин жана көп жылдык шамал режимин (шамал багытын) эске алуу менен калктуу конуштардагы аба мейкиндигинин циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийик имараттарды долбоорлоого, жайгаштырууга жана курууга ченемдерди жана талаптарды кайра кароо
Бийик имараттарды долбоорлоого, жайгаштырууга жана курууга карата курулуш ченемдерин жана эрежелерин кайра карап чыгуу
2021-жылдын IV кварталы
Шаарлардын өнүгүү келечектерин жана шамалдардын көп жылдык режимдерин эске алуу менен калктуу конуштардын аба мейкиндигинин циркуляциясы камсыз кылынды
Курулуш агенттиги, ЭӨЖМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча)
Бишкек шаарынын жаңы башкы планын иштеп чыгуу (шамал багытын эске алуу менен)
2022-жылдын I кварталы
Курулуш агенттиги, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча)
Шаарлардын башкы пландарын иштеп чыгуу (шамал багытын эске алуу менен)
2021-жылдын IV кварталы - 2027-жылдын IV кварталы
Курулуш агенттиги, шаар мэриялары (макулдашуу боюнча)
Экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча шаар куруу өзгөрүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү
Дайыма
Курулуш агенттиги, ЭКМК, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча)
5
Жашылдандыруу ченемдерин көбөйтүү жана калктуу конуштарда жашыл өсүмдүктөрдүн аянтын туруктуу динамикалуу көбөйтүүнү, анын ичинде алардын айланасында жашыл тилкелерди түзүүнү жана кеңейтүүнү камсыз кылуу
Шаарларды жашылдандыруу ченемдерин бекитүү
2022-жылдын IV кварталы
Шаарларда жашылдандыруу ченемдери бекитилди
ЭКМК, Курулуш агенттиги, АСЧАӨМ, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча)
Шаар чөйрөсүн текши жашылдандырууну эске алуу менен Бишкек шаарын жашылдандыруунун келечектүү планын иштеп чыгуу
2022-жылдын IV кварталы
Шаар чөйрөсүн текши жашылдандырууну эске алуу менен Бишкек шаарын жашылдандыруунун келечектүү планы кабыл алынды
Курулуш агенттиги, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), ЭКМК
Ири шаарларда парктардын чектерин бекитүүнү камсыз кылуу
2022-жылдын IV кварталы
Бишкек ш. жана Ош ш. парктарынын чек араларын бекитүү боюнча ЧУА кабыл алынды
Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча)
Калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык жашыл зоналарды уюштуруу
Дайыма
Калктуу конуштардын башкы пландарынын негизинде КЧжЭ сактоо менен жашыл өсүмдүктөрдүн аянты көбөйтүлдү
Шаардын аймагына бак-дарактардын, бадалдардын жана тосмо бадалдардын көнүктүрүлгөн породаларын жыл сайын отургузуу
2-глава. Калдыктарды натыйжалуу башкаруунун жогорулатуу
6
"Калдыктан кирешеге" принциби кеңири ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү
Калдыктар менен иштөө тармагында жөнгө салуу системасын кайра карап чыгуу, калдыктар менен иштөөнүн заманбап механизмдерин киргизүү (экинчи пайдалануу), калдыгы аз чыккан технологиялар, өндүрүүчүлөрдүн жогорку жоопкерчилик принциби), ЕАЭБ ченемдерине жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү
2022-жылдын III кварталы
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, калдыктарды башкаруу системасы жакшырды
ЭКМК
Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин кайра карап чыгуу
2023-жылдын II кварталы
Тийиштүү ЧУАга өзгөртүү киргизилди, калдыктарды зыянсыздандырууга, кайра иштетүүгө, утилдештирүүгө, экологиялык коопсуз технологияларды пайдаланууга талаптар регламенттелди
ЭКМК, ЭӨЖМ, ӨКМ, АСЧАӨМ
7
Минералдык-чийки зат ресурстарын толук жана комплекстүү пайдаланууну камсыз кылуу, өндүрүштөрдүн калдыктарын чарбалык жүгүртүүгө киргизүү
Калдыктарды экинчи материалдык ресурстар категориясына киргизүү критерийлерин жана тартибин; экинчи материалдык ресурстар категориясына кирген калдыктардын тизмесин иштеп чыгуу
2023-жылдын IV кварталы
ЧУА кабыл алынды, калдыктарды экинчи материалдык ресурстар категориясына киргизүү критерийлери жана тартиби; экинчи материалдык ресурстар категориясына кирген калдыктардын тизмеси аныкталды
ЭКМК, АСЧАӨМ, ЭӨЖМ, ЭФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Мобилизациялык резервдин жараксыз материалдык баалуулуктарын пайдалануу (утилдештирүү, экинчи пайдалануу) боюнча типтүү жана тармактык нускамаларды иштеп чыгуу
2022-жылдын II кварталы
ЧУА кабыл алынды, мобилизациялык резервдин жараксыз материалдык баалуулуктарын эсепке алуунун жана сактоону, пайдаланууну жана утилдештирүүнү контролдоонун тармактык тартиптери аныкталды
ӨКМ, ЭФМ, ЭӨЖМ, ТКМ, ССӨМ, АСЧАӨМ, СӨМ
8
Калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды түзүүгө, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүүгө дем берүү
Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин жеңилдик берилген түрлөрүнүн тизмегин толуктоо, калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча ишканалардын иши бөлүгүндө салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү
2021-жылдын III кварталы
Салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди, жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин жеңилдик берилген түрлөрүнүн тизмеги кеңейтилди
ЭФМ, ЭКМК, ЭӨЖМ, ИМ
Калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча ишканаларга кредит берүүнү жаткыруунун кредиттик саясатын жеңилдетүү маселелерин РКӨФ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
2022-жылдын III кварталы
Ишканалар калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча кредиттерди берүүнүн пайдалуу шарттары менен камсыздалды
ИМ, ЭФМ, ЭКМК, ЭӨЖМ
Калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча ишканалардын курулушуна жерлерди берүү үчүн жер участокторуна инвентаризация жүргүзүү
2023-жылдын IV кварталы
Инвентаризация жүргүзүлдү, калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча ишканалардын курулушуна жер участоктору аныкталды
АСЧАӨМ, ЭФМ, ЭӨЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында калдыктарды чогултуу, иштетүү жана жок кылуу, материалдарды экинчи жолу пайдалануу боюнча долбоорлорго өлкөнүн облустарынын жана райондорунун, мамлекеттик органдарынын муктаждыгын аныктоо
2024-жылдын I кварталы
Калдыктарды бөлүп чогултуу, иштетүү жана жок кылуу, материалдарды экинчи жолу пайдалануу боюнча пилоттук МЖӨ долбоорлорду демилгеленди
ИМ, ЭФМ, МЖӨ борбору, ЭКМК, ЭӨЖМ, ТКМ, ССӨМ, АСЧАӨМ, СӨМ, ӨКМ
9
Катуу тиричилик калдыктарын бөлөк чогултуу системасын киргизүү, экинчи жолу иштетилген ресурстар рыногун өнүктүрүүнү камсыз кылуу
Калктуу конуштарда коммуналдык калдыктарды бөлөк чогултуу тартибин жана коммуналдык калдыктардын тизмегин иштеп чыгуу
2022-жылдын IV кварталы
ЧУА кабыл алынды, коммуналдык калдыктарды бөлүү критерийлерин, аларды чогултуу, сактоо, которуу жана утилдештирүү шарттарын, экинчи ресурстарды кабыл алуу пункттарынын ишинин тартиби аныкталды
ЭКМК, ЭФМ, Курулуш агенттиги, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча)
Жашыл калдыктарды компосттоо участогу менен таштандыларды сорттоочу заводду куруу
2023-жылдын IV кварталы
Бишкек ш. (Ош ш.) жаңы санитардык полигонунун аймагында кубаттуулугу жалына 320 миң тонна болгон, жашыл калдыктарды компосттоо участогу менен таштандыларды сорттоочу завод курулду
Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча), ЭКМК
Калдыктарды бөлүп чогултуу жана пайдалануу маселелери боюнча маалыматтык агартуучу иштерди жүргүзүү (маалыматтык компаниялар, тегерек столдор, көргөзмөлөр, акциялар)
Дайыма
Калк арасында калдыктарга карата сабаттуу жана жооптуу мамилени калыптандыруу, калдыктардын пайда болушун азайтуу жана аларды башкарууну оптималдаштыруу
ЭКМК, АСЧАӨМ, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча)
КТК бөлүп чогултуу боюнча Бишкек шаарында пилоттук долбоорду ишке ашыруу
2022-жылдын IV кварталы
Бишкек ш. боюнча КТК бөлүп чогултуу киргизилди
Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), ЭКМК, АСЧАӨМ, ЭФМ
3-глава. Агынды суулардын айлана-чөйрөгө жагымсыз таасирин кыскартуу жана мөңгүлөрдү сактоону камсыз кылуу
10
Республиканын калктуу конуштарында, туристтик объекттердин аймагында жана эс алуу пункттарында, анын ичинде Ысык-Көл акваториясында тазалоочу курулмаларды контролдоону камсыз кылуу
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнүн сапатына терс таасирин алдын алуу үчүн жаратылышты коргоо жана санитардык ченемдерди сактоо боюнча ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторийди кайра карап чыгуу
2022-жылдын I кварталы
КРӨнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди, жаратылышты пайдалануу боюнча ишкер субъекттерин текшерүүгө мораторий жокко чыгарылды
ЭФМ, ЭКМК
Төмөнкү 24 шаарда канализация системаларын куруу жана калыбына келтирүү: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токтогул, Майлы-Суу, Кербен, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кант, Токмок, Кемин, Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата, Талас, Нарын
2026-жылдын IV кварталы
Агынды сууларды тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр жакшыртылды, тазаланбаган агынды сууларды чыгаруу токтотулду
Курулуш агенттиги, ЭТКМИ, ЭФМ, АСЧАӨМ, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча)
Ысык-Көл облусунун Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында канализациялык тазалоочу курулмаларды жана канализация тармактарын куруу жана реабилитациялоо
Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев, Кызыл-Суу айылдарында жана Кажы-Сай поселогунда канализациялык тазалоочу курулмаларды жана канализациялык тармактарын куруу жана реабилитациялоо
2022-жылдын IV кварталы
11
Айрым мөңгүлөргө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүү үчүн ченемдик базаны кеңейтүү
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына айрым мөңгүлөргө ӨКЖА статусун берүү боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
2022-жылдын III кварталы
ЧУА кабыл алынды, айрым мөңгүлөргө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилди
ЭКМК, ӨКМ, КР УИА
ӨКЖАга киргизүү боюнча мөңгүлөрдү баалоо критерийлерин иштеп чыгуу
2022-жылдын III кварталы
ӨКЖАга кирген мөңгүлөрдүн тизмесин түзүү механизмдери иштелип чыкты
4-глава. Табигый экосистемаларды калыбына келтирүү жана уникалдуу биологиялык түрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу
12
Табигый экосистемалардын жана токойлордун сакталышына өзгөчө көңүл буруу, алардын талаптагыдай экологиялык абалын кармап туруу боюнча чараларды көрүү
ӨКЖАны түзүү, иштетүү жана жоюу тартибин кайра карап чыгуу
2023-жылдын II кварталы
ЧУА кабыл алынды, ӨКЖАны түзүүнүн, иштетүүнүн жана жоюунун тартиби аныкталды
ЭКМК, АСЧАӨМ
Заказниктердин инвентаризациялоо жана алардын статусун кайра карап чыгуу
2022-жылдын IV кварталы
Учурдагы абалды баалоо жана заказниктерди каттоо (кайра каттоо) жүргүзүлдү
АСЧАӨМ, ЭКМК
Калк арасында экологиялык агартуу иш-чаралары жүргүзүлдү
2022-жылдын IV кварталы
Калктын экологиялык маданияты жогорулады
ЭКМК, АСЧАӨМ
13
Токойлорду өрттөн, илдеттерден жана зыянкечтерден коргоону күчөтүү
Минералдаштырылган өрткө каршы тилкелерди долбоорлоо жана жайгаштыруу - 100 км жана аны тейлөө - 400 км
Жыл сайын
Токойдогу өрттүн жайылып кетүү тобокелдиги жана алардын потенциалдуу кесепти азайды
АСЧАӨМ
Ыкчам чара көрүү үчүн моделдерди, космостук сүрөттөрдү колдонуп, өнүгүү жана өрт коркунучу боюнча божомолдоону киргизүү
2023-жылдын IV кварталы
Ыкчам чара көрүү жана токойлорду сактоо боюнча чараларды көрүү үчүн ГИС (ММС), спутниктен тартылган сүрөттөр - заманбап технологиялар ишке киргизилди
АСЧАӨМ
Токой патологиясын изилдөө
Жыл сайын
Токойдун зыянкечтери жана илдеттеринин пайда болуусу жана жайылышы контролго алынды
АСЧАӨМ
14
Асылдуулугу төмөн жерлерде токойду өстүрүүнү камсыз кылуу
Асылдуулугу төмөн жерлерде токой өсүмдүктөрүн жана плантацияларды түзүү менен токой өстүрүү
Жыл сайын
Асылдуулугу төмөн 70 га аянтчада өсүмдүктөр жана плантациялар түзүлдү
АСЧАӨМ
Эрозияга каршы көчөттөрдү отургузууну долбоорлоо
Жыл сайын
Эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуу участоктору аныкталды
АСЧАӨМ, ӨКМ
15
Тирүү организмдерди жана өсүмдүктөрдү көбөйтүүнү жана эсепке алууну, аңчылык ченемин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын көбөйтүүнү камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү
Жаныбарлар менен канаттуулардын санын эсепке алуу боюнча нускама-методикалык документтерин өркүндөтүү
2023-жылдын III кварталы
Жаңыланган нускама-методикалык документтер (нускамалар, колдонмолор, сунуштамалар ж.б.) кабыл алынды
ЭКМК, АСЧАӨМ
Жапайы жаныбарлар жана канаттуулардын мониторингдик түрлөрүн аныктоо жана ӨКЖА боюнча жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин индикатордук түрлөрүн белгилөө
2022-жылдын IV кварталы
Жапайы жаныбарлар менен канаттуулардын мониторингделген түрлөрүнүн тизмеси түзүлдү. Аныкталган ӨКЖА боюнча жаныбарлар менен канаттуулардын индикатордук түрлөрдү белгиленди
ЭКМК, АСЧАӨМ, КР УИА
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын (төмөнкү зоналары) жана Чүй облусунун аңчылыкты пайдалануучулардын аң уулоочу жерлердин участкалары боюнча белгилөө
2022-жылдын IV кварталы
Аң уулоочу жерлердин тиешелүү участоктору боюнча аңчылыкты пайдалануучулар конкурстук негизде тандалып алынды
АСЧАӨМ, ЭКМК
Эки жаңы мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү боюнча долбоордук документтерди даярдоо
2024-жылдын IV кварталы
Эки жаңы мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлдү. (Ош жана Баткен облустарында) жаратылыш паркынын аянттары көбөйтүлдү
АСЧАӨМ, ЭКМК
5-глава. Химиялык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу
16
Таштандыларда уулуу калдыктарды жана материалдарды көмүү практикасын болтурбоо боюнча чараларды көрүү жана аларды жайгаштыруу үчүн полигондордун курулушун камсыз кылуу
Уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү үчүн полигондорду долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, рекультивациялоого техникалык талаптарды иштеп чыгуу
2024-жылдын IV кварталы
Уулуу калдыктар полигондорун долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, рекультивациялоого техникалык талаптар иштелип чыкты. Уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү үчүн шарттар түзүлдү
ЭКМК, ЭӨЖМ, Курулуш агенттиги
Уулуу калдыктарды көмүүгө полигон курууга техникалык милдеттерди иштеп чыгуу үчүн долбоордук сунушту иштеп чыгуу жана донорлорду издөө
2023-жылдын IV кварталы
Долбоордук сунуш иштелип чыкты, уулуу калдыктарды көмүүгө полигон курууга техникалык милдеттерди жана долбоордук сунушту иштеп чыгуу үчүн финансылык-материалдык каражаттар/ресурстар тартылды
Уулуу калдыктарды жайгаштырууга полигон куруу үчүн техникалык милдеттерди иштеп чыгуу жана донорлорду издөө
2024-жылдын IV кварталы
Уулуу калдыктарды жайгаштырууга полигон куруу үчүн техникалык милдеттер иштелип чыкты. Уулуу калдыктарды көмүүгө полигон курууга финансылык-материалдык каражаттар/ресурстар тартылды
17
Кажы-Сай, Миң-Куш, Шекафтар айылдарында, Майлуу-Суу шаарында, Кара-Балта кен комбинатынын аймагында уран калдыгын сактоочу жайды жана Сузак айылында ири көрүстөндөрдө эскирген пестициддерди зыянсыздандыруу
ЕБРР алкактык макулдашуунун алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Шекафтар а. жана Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш а. уран калдыгынын аянтчасында рекультивация иштери аяктоо
2022-жылдын IV кварталы
Шекафтар а. 6 шахта жабылды жана порода камтыбаган 5 калдык сактоочу жай алысыраак жерге көчүрүлдү. Миң-Куш а. 7 шахта/штольня жана 7 воронка түрүндөгү чуңкурлар жабылды; айрым имараттар, эки бункер жана тегирмен андан ары аянтчада көмүү менен алып салынды; порода камтыбаган үч калдык сактоочу жай дренаждалды, суусу чыгарылды
ӨКМ
Миң-Куш а. "Уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасынын 2-этабын ишке ашыруу
2023-жылдын IV кварталы
Эки калдык сактоочу жай ("Туюк-Суу", "Талды-Булак") "Алыскы" калдык сактоочу жайга көчүрүлдү жана "Как" калдык сактоочу жайы рекультивацияланды (28.10.2016-ж. Минск ш. КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимине ылайык)
ӨКМ
ЕБРР алкактык макулдашуунун алкактарында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ш. уран калдыктарынын аянтчасын рекультивациялоо
2022-жылдын III кварталы - 2027-жылдын IV кварталы
Төрт калдык сактоочу жай Майлуу-Суу шаарынын сыртына көчүрүлдү жана 6 калдык сактоочу жай рекультивацияланды, 6 шахта жана 15 штольня жабылды
ӨКМ
Сузак а. калдык сактоочу жайында эскирген пестициддерди экологиялык коопсуз зыянсыздандыруу
2025-жылдын IV кварталы
Сузак-А калдык сактоочу жайында эскирген пестициддер жок кылынды
ЭКМК, АСЧАӨМ, ССӨМ
Кажы-Сай жана Миң-Куш, Шекафтар а., Майлуу-Суу ш., Кара-Балта кен комбинатынын аймагында уран калдыгын сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча ишти контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу
Мезгили менен жана уран калдык сактоочу жайды рекультивациялоо процессинде, ошондой эле рекультивациялоо боюнча долбоорлор аяктагандан кийин
Кажы-Сай жана Миң-Куш, Шекафтар а., Майлуу-Суу ш., Кара-Балта кен комбинатынын аймагында уран калдыгын сактоочу жай зыянсыздандырылды. Уран калдык сактоочу жай адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө таасирин тийгизбей калды. Уран калдык сактоочу жайлар жайгашкан аймактарда экологиялык кырдаал жакшырды
ЭКМК, ЭӨЖМ
6-глава. Жерлердин күрдүүлүгүн жогорулатуу
18
Кыртышты эрозиядан коргоо, өз убагында мелиорациялоо жана жерлерди рекультивациялоо боюнча чараларды күчөтүү
Деградацияны азайтуу жана экосистеманы сактоо үчүн жайыттарды кезектешип пайдаланууну киргизүү (деградацияга учураган жайыттарды консервациялоо)
2022-жылдын III кварталы - 2023-жылдын IV кварталы
Деградацияланган жайыттарды пайдаланууга мораторий жарыяланды. Жайыт комитеттери тарабынан АСЧАӨМдүн адистери менен бирдикте аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлдү
АСЧАӨМ, ЭӨЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Кыртышты эрозиядан коргоо, өз убагында мелиорациялоо жана жерлерди рекультивациялоо боюнча чараларды күчөтүүгө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу
2021-жылдын IV кварталы
Жерлердин максаттуу пайдаланылышы контролдоо алынды
АСЧАӨМ, ЭӨЖМ
Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн сугаруунун (ирригациялоонун) заманбап методдорун киргизүү
2023-жылдын IV кварталы
Суу менен камсыздоо боюнча жаңы методдор киргизилди
АСЧАӨМ
19
Жогорку күрдүү жерлерди айыл чарбалык эмес муктаждыктарга бөлүп берүү практикасын токтотуу
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтүү
Дайыма
Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча чаралар көрүлдү
АСЧАӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
7-глава
Жаратылышты коргоо долбоорлорун финансылык колдоо, экологиялык инвестицияларды жана технологияларды тартууга өбөлгө түзүү
20
Кошумча финансы ресурстарын тартуу жана каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча Жаратылышты өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү
Жаратылышты өнүктүрүү фондуна республикалык бюджеттен каражаттарды кайтарып берүү механизмин иштеп чыгуу
2022-жылдын IV кварталы
Экологиялык долбоорлорду каржылоо башталды
ЭФМ, ЭКМК, АСЧАӨМ, Жаратылышты өнүктүрүү фонду
Кошумча финансы ресурстарын тартуу жана каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча тартиптин жоболорунун долбоорун иштеп чыгуу
2022-жылдын II кварталы
Стратегиялык макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында жаратылыш ресурстарын сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорду жана программаларды каржылоо үчүн ченемдик укуктук база камсыз кылынды
ЭКМК, АСЧАӨМ
8-глава
Жаратылышты коргоо системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эл аралык кызматташуу
21
Тазалоочу түзүлүштөрдүн жана курулмалардын ишин, техногендик авариялардын жана кыйроолордун келип чыгуу коркунучун азайтуу максатында экологиялык талаптарды сактоо бөлүгүндө өндүрүштөрдө технологиялык тартиптин абалын дайыма текшерип туруу механизмин иштеп чыгуу
Кооптуу өндүрүш объекттеринде өнөр жай коопсуздугу жаатында иш алып барган уюмдар тарабынан өндүрүштүк контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобого өндүрүштүк экологиялык контролдоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү
2022-жылдын IV кварталы
Өндүрүштүк контролдуу ишке ашырууда экологиялык талаптар аныкталды
ЭКМК
22
Жаңы билимдерди жана экономиканын өнүгүүсүнүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен айлана-чөйрө үчүн стандарттарды кайра карап чыгуу, эл аралык экологиялык стандарттарды жана экологиялык зоналарды киргизүү боюнча ишти күчөтүү
Эл аралык талаптарды эске алуу менен айлана-чөйрөнүн стандарттарын кайра карап чыгуу
2023-жылдын IV кварталы
Эл аралык талаптарды эске алуу менен айлана-чөйрөнүн стандарттары бекитилди
ЭКМК, ӨКМ
23
Экология чөйрөсүндө заманбап маалыматтык системаларды жана маалыматтар базаларын түзүүнү тездетүү
Биологиялык түрдүүлүктү сактоо, токойлорду башкаруу боюнча маалыматтык системаларды жана маалымат базаларын иштеп чыгуу, мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундуларын берүү
2023-жылдын IV кварталы
Кеминде 3 маалыматтык система иштеп чыгарылды. Айлана-чөйрө маселелери боюнча маалымдуулук камсыздалды
ЭКМК, АСЧАӨМ
Климаттык маалымат жана билим боюнча маалыматтык онлайн платформасын иштеп чыгуу жана иштөөсүн камсыздоо
2022-жылдын IV кварталы
Климаттык маалымат жана билим боюнча онлайн платформа иштеп чыгарылды
ЭКМК, СӨМ, УСК
Климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү долбоорлордун маалымат базасын түзүү
24
Ыйгарым укуктуу органдардын оперативдүү чара көрүүсү үчүн өлкө боюнча коомчулук тарабынан аныкталган экологияны бузуу фактыларын жайгаштыруу үчүн онлайн-платформаны иштеп чыгуу
Экологиялык бузуулар боюнча онлайн-платформаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2021-жылдын IV кварталы
Жаратылышты коргоодогу бузууларга ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам чара көрүүчү үчүн негиз камсыздалды
ЭТКМИ, ЭКМК
25
Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алып, тышкы каржылоону тартуу үчүн өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн комплекстүү стратегиясы иштеп чыгуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана экологиялык проблемаларды чечүүгө багытталган ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү
ЭФМ долбоорлорунун натыйжалуулугун баалоо методикасынын негизинде долбоорлордун натыйжалуулугун талдоо
2021-жылдын IV кварталы
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча стратегия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилди
ЭФМ, ЭКМК, ЭӨЖМ
Ишке ашырылуучу жаратылышты коргоо долбоорлорунун ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү
2022-жылдын I кварталы
ЭКМК, АСЧАӨМ, ЭӨЖМ, ЭФМ
Республиканын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу максатында өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөр менен кызматташуу стратегияларын иштеп чыгуу
2022-жылдын I кварталы - 2022-жылдын IV кварталы
ЭКМК, ӨКМ, АСЧАӨМ, ЭФМ
26
Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздугу концепциясынын долбоорун иштеп чыгып, кароого киргизүү
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулук жаатындагы ведомстволор аралык координация боюнча Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу
2021-жылдын III кварталы
Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздугу концепциясынын долбоору иштелип чыкты
ЭКМК, ӨКМ, ЭФМ, ЭӨЖМ, АСЧАӨМ
27
Ар бир облус жана республикалык маанидеги шаарлар үчүн экологиялык коопсуздукту жана климаттын туруктуулугун камсыздоо боюнча пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү
Экологиялык коопсуздукту жана климаттын туруктуулугун камсыздоо боюнча пландарды иштеп чыгуу
2021-жылдын III кварталы
Ар бир облус жана республикалык маанидеги шаарлар үчүн экологиялык коопсуздукту жана климаттын туруктуулугун камсыздоо боюнча пландар Кыргыз Республикасынын ЭКМК төрагасы тарабынан бекитилди
ЭКМК, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, АСЧАӨМ, ӨКМ, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча)
4 облуста жалпы узундугу 55,5 км чарбалар аралык каналдарды реабилитациялоо
2025-жылдын I кварталы
Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугу жогорулады
АСЧАӨМ, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
4 облуста жалпы узундугу 39,9 км чарбалар аралык каналдарды куруу жана реабилитациялоо
Кыскартуулардын тизмеси:
АСЧАӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги
БУУ КӨАК
-
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы
ГМС
-
географиялык маалыматтык система
ЕАЭБ
-
Евразия экономикалык бирлиги
ЕРӨБ
-
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ИМ
-
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги
КР УИА
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
КТК
-
катуу тиричилик калдыктары
Курулуш агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
КЧжЭ
-
курулуш ченемдери жана эрежелери
ӨКЖА
-
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары
ӨКМ
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
-
Кыргыз Республикасынын Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
СӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги
ССӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
ТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
УДАС
-
улуттук деңгээлде аныкталган салымдар
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ЭКМК
-
Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети
ЭӨЖМ
-
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги
ЭФМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 51
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар…Указ · 19.03.2021 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2018 · № 586 · Күчүн жоготкон
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 13.11.2001 · № 89 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.